Тбилисиде Кыргызстандын жана Грузиянын ИИМ башчылары жолукту. Эмнени талкуулашты?
Тбилиси шаарында Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Улан Ниязбеков менен Грузиянын ички иштер министри Сулхан Левановичтин жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР ИИМден кабарлашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн жана бекемдөөнүн келечегин талкуулашты.
Трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка, алдамчылыкка, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө жана башка заманбап чакырыктарга каршы күрөшүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Ошондой эле Грузиянын аймагында ишкердик менен алектенген Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле мамлекеттер аралык жана эл аралык издөөдө жүргөн адамдардын жүргөн жерин аныктоо боюнча өз ара аракеттенүү маселелери каралды.
Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап Грузиянын укук коргоо системасын реформалоо, санариптештирүү жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча оң тажрыйбасын белгилеп, натыйжалуу тажрыйбаларды үйрөнүүгө жана ишке ашырууга даяр экенин билдирди.
Мындан тышкары, Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформалар жана ички иштер органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берилди. Атап айтканда, «Коопсуз өлкө» долбоорун өнүктүрүү, заманбап техникалык каражаттарды киргизүү жана ИИМдин материалдык-техникалык базасын чыңдоо белгиленди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстандын жана Грузиянын ички иштер министрликтеринин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары бекемдөөгө жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө ишеним билдиришти.
