Амфитеатр, воркаут, оргумалар. Ошто жаңы эс алуу багы ачылды
5 июль

Амфитеатр, воркаут, оргумалар. Ошто жаңы эс алуу багы ачылды

Ош шаарындагы О.Акимбаев көчөсүндөгү «Ферас» бассейнинен А.Навои багына чейинки аралыктагы каралбай турган аймактагы эс алуу жайынын курулушу аяктап бүгүн пайдаланууга берилди.

Ачылуу аземине Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңеш төрагасы Болот Баетов, шаар тургундары, мекеме-ишкана жетекчилери катышты.

Мында эс алуучулар үчүн амфитеатр, памп-трек, скейт-парк, воркаут, балдар ойноочу аянтчалары, сейилдөө үчүн сквер, оргумалар курулуп, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлгөн.

Долбоорду Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) Бүткүл дүйнөлүк банк жана Ош шаарынын мэриясы бирге ишке ашырган.