Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №14 мекемесинде жаш өспүрүм үчүн маанилүү жолугушуу уюштурулду
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №14 мекемесинде жаш өспүрүм үчүн маанилүү иш-чара өттү.
Тарбия мекемесинде жазасын өтөп жаткан жаш өспүрүм, жашоонун оор сыноосуна туш болуп, 2,5 жашында ата-энеси эки жолго түшкөн соң атасынын колунда чоңойгон. Алгачкы жолу өспүрүм куракка жеткен учурда жакындары менен жолугушуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Бул жолугушуу мекеменин тарбия иштери боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан атайын уюштурулуп, үй-бүлөлүк байланышты калыбына келтирүү жана моралдык колдоо көрсөтүү максатын көздөдү.
ЖАМК өз ишмердүүлүгүндө соттолгон жарандардын социалдык адаптациясына, руханий абалын чыңдоого жана коомго кайтаруу процессине чоң көңүл бурат. Үй-бүлө менен байланыштарды сактап калуу жана бекемдөө – бул багыттагы негизги артыкчылыктардын бири болуп саналат.
Мындай иш-чаралар системалуу түрдө улантылат жана мекеменин тарбия ишмердүүлүгүнүн маанилүү бөлүгү бойдон калат.
