Жогорку Кеңеш эс алуудан кийин ишин баштады
Бүгүн, 1-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын V сессиясынын расмий ачылышы болду.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу парламенттин сессиясын ачык деп жарыялап, Кыргыз Республикасынын гимни жаңырды.
Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 83-беренесине жана Жогорку Кеңештин Регламентинин 32-беренесине ылайык, парламенттин сессиялары жыйналыш түрүндө сентябрдын биринчи жумушчу күнүнөн тартып келерки жылдын июнунун акыркы жумушчу күнүнө чейин өткөрүлөт.
