Ат-Башыда дарыгерлер үч бейтапка бычаксыз операция жасашты
16 февраль

Ат-Башыда дарыгерлер үч бейтапка бычаксыз операция жасашты

Ушул жылдын 14-февралында Ат-Башы райондук жалпы дарыгерлик практика борборунда алгачкы жолу лапароскоп аппарыты менен үч бейтаптын өтүнө операция жасалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, операция борбор калаадагы клиникалардын мыкты профессор дарыгерлери тарабынан жасалып, ага Ат-Башы райондук бириктирилген ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн хирург-дарыгерлеринин жамааты да катышып тажрыйба алышты.

Германия өндүрүшүнөн чыккан хирургиялык жабдык калкка сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү, операцияга болгон муктаждыктарды жеңил чечүү максатында Жапон элчилиги аркылуу 7 миллион 6 миң сомго алынып берилген.

Лапароскоп аппараты менен гинекология, лор, боор, урология, сокур ичеги, өт алдыруу операцияларын жасоого болот жана ички органдарга изилдөө да жүргүзөт. Буга чейин операцияга муктаж болгон бейтаптар Бишкек шаарына барып, изилдөөдөн өтүп, андан кийин операция жасатууга убакыт короп, бейтаптарга ыңгайсыздыктар жаралып келген.

Мындан ары райондук оорукананын хирург-дарыгерлери бул жабдык менен жогорудагыдай операцияларды жеринде жасап, калкка медициналык жактан сапаттуу кызмат көрсөтүп, калктын саламаттыгын чыңдоого зор салымын кошот.