Чаткалда өрт өчүрүү бөлүкчөсү жаңыланууда
16 февраль

Чаткалда өрт өчүрүү бөлүкчөсү жаңыланууда

ӨКМдин Чаткал району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №79 ӨК-КБнүн имараты жаңыланууда. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, муну менен катар өздүк курамдын иштөөсүнө бардык шарттар түзүлүп, учурда курулуштун дээрлик 90%ы аяктоодо. Алдыңкы айларда пайдаланууга берилүүсү пландалып жатат.

Аталган өрт өчүрүү бөлүкчөсү 6 миңден ашуун калкты жана 12 социалдык объектинин тейлейт. Ал 1952-жылы курулуп, ошол жылдан тартып Терек-Сай айыл өкмөтүнө кызмат көрсөтүп келет.