Бишкекте мушташ үчүн беш жаш жигит жана кыз кармалды
Социалдык тармактарда бир нече жаш жаран коомдук жайда ызы-чуу салып, коомдук тартипти бузуп жаткандыгы тартылган видеотасма тараган.
Бул факты боюнча Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, видеотасмада тартылган жарандардын өздүгү аныкталды.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына беш жаран жеткирилди.
Жеткирилген үч жаранга - 2002-жылы туулган Р.А., 2008-жылы туулган А.М. жана 2005-жылы туулган Н.А.га Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча укук бузуу жөнүндө протоколдор түзүлдү.
