
Үч-Коргон жалпы дарыгерлер практикалык борборунун материалдык-техникалык базасы чыңдалды
Баткен облусунун Кадамжай районунда жайгашкан Үч-Коргон жалпы дарыгерлер практикалык борборунун материалдык-техникалык базасы чыңдалды. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, ошондой эле борбордо медицина кызматкерлеринин ишин илгерилетүү менен, жарандар үчүн керектүү шарттар түзүлдү.
-ПРООН тарабынан 6 млн сомго заманбап, көчмө жана стационардык санарип рентген аппараты алынды
-Баткен ММК фонду тарабынан жандандыруу бөлүмүнө 4млн сомдук медициналык жабдуулар, операциялык каанага керектүү шаймандар алынды
-Баткен ММК тарабынан от казан имараты оңдоп түзөөдөн өтүп, жылытуу системасы борборлоштурулду
-Баткен ММКтарабынан оорукананын ашканасынын чатыры алмашытырылып, идиштери жаңыланды
-Хасанабад жана Тегирмеч айылына инвесторлордун колдоосу менен 5,5млн сомго ФАП курулду
-Демөөрчүлөрдүн колдоосу менен оорукананын бөлүмдөрү оңдоп түзөөдөн өттү
-Япон элчилиги тарабынан лапороскопия аппараты 89667АКШ долларына алынды
-Ымыркайлар үчүн инкубатор аппараты 590миң сомго алынды
-Баткен ММКфонду тарабынан кабыл алуу бөлүмүнүн кошумча корпусу 1млн 880мин сомго курулду
- 2 даана жасалма дем алдыруучу аппараты демөөрчүлөр тарабынан 1,5млн сомго алынды
-Жаңы лабороториянын имараты Ассанабил кайрымдуулук фонду, Баткен ММК фонду, демөөрчүлөр тарабынан курулду
-Наркоздук дем алдыруучу аппараты Баткен ММК фонду тарабынан 1млн сомго алынды
-Оорукананын аймагына 1млн 250миң сомго асфальт төшөлдү
-Физиотерапия бөлүмү капиталдык оңдоп түзөөдөн өттү
- Унаа токтоочу жай 1млн400миң сомго курулду
-Өлүккананын курулушу жүрүүдө
- Аллеянын курулушу жүрүүдө
Мындан сырткары, өткөн жылы оорукананын балдар бөлүмү жана балдар реанимациясы жайгашкан типтүү имараты республикалык бюджеттин эсебинен 58 млн сомго курулган.