Ысык-Көл электр тармактары темир-бетон мамыларын чыгарууда
24 январь

Ысык-Көл электр тармактары темир-бетон мамыларын чыгарууда

Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын темир-бетон мамыларын чыгаруучу цехи ийгиликтүү иштеп жатат, деп билдирет Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы. 

Цехте СВ-110 жана СВ-95 маркасындагы темир-бетон мамылары чыгарылат, эмгек өндүрүмдүүлүгү боюнча 2025-жылга айына 140 мамы, жылына 1680 мамы чыгаруу пландалды. Өндүрүш бардык техникалык мүнөздөмөлөргө толугу менен жооп берет.

Маалыматка ылайык, 2024-жылы иштеп жаткан тармактарды реконструкциялоо, эски жыгач мамыларды алмаштыруу, ошондой эле жаңы электр тармактарын капиталдык куруунун көлөмүн көбөйтүү максатында темир-бетон мамыларын чыгаруучу цехи 813 даана темир-бетон электр мамыларын чыгарды.

Ошондой эле 2024-жылы темир-бетон мамыларды чыгаруучу цехте өндүрүшкө материалдарды бөлүштүрүүнү автоматташтырууга арналган дозатор орнотулган.

Эске салсак: «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКнын филиалы - Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын темир-бетон мамыларын чыгаруучу цехи 2017-жылдан бери Балыкчы райондук электр тармагынын аймагында иштеп келет.