
ӨКМде "жер титирөө" боюнча айгай жарыяланды
ӨКМдин борбордук аппаратында министрликтин деңгээлиндеги машыгуунун алкагында бүгүн, 24-январда “жер титирөө катталгандыгы” боюнча айгай жарыяланды. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.
Ага ылайык мамлекеттик жарандык жана аскер кызматкерлери саат 08:00дө кызмат ордуларында дайын болуп, кырсык катталганда биринчи кезекте уюштурула турган иш-чаралар боюнча практикалык жана теориялык окуудан өтүштү.
Министр Бообек Ажикеевдин жетекчилиги менен уюштурулган машыгуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин республика боюнча жалпы түзүмдүк, аймактык жана ведомствого караштуу бөлүктөрүндө өткөрүлдү.
Анын негизги максаты – ӨКМ күчтөрүнүн, каражаттарынын өзгөчө кырдаал коркунучу жаралган шартта, келип чыкканда кырсыктан куткаруу сыяктуу кечиктирилгис иштерди аткаруу, жабыркаган калкты ар тараптуу камсыздоону ыкчам уюштурууга үйрөтүү.
Машыгууда министрдин орун басары Урматбек Шамырканов кырсык катталганда иш аракеттерди так аткарууну, сигналдар жана билдирүүлөр боюнча белгиленген тартипте иш-чараларды уюштуруп, маалыматтарды өз убагында берилип турушун жана машыгууга активдүү катышууну өздүк курамдан талап кылды.