Кырчында мобилдик госпиталдан 400дөн ашуун адам медициналык жардам алды
видеодон алынган кадр
6 сентябрь

Кырчында мобилдик госпиталдан 400дөн ашуун адам медициналык жардам алды

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жүрүшүндө Кырчын капчыгайында жайгаштырылган мобилдик госпиталдан 400дөн ашуун адам медициналык жардам алган. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Алмазбек Асанов билдирди.

Мобилдик госпиталь Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Саламаттык сактоо министрлигинин өз ара кызматташуусунун алкагында Кырчын капчыгайында уюштурулган.

Ага медициналык жардамга муктаж болгон оюндардын катышуучулары, коноктору жана көрүүчүлөрү кайрылышкан.

Мындан тышкары, куткаруучулар медицина кызматкерлери менен биргеликте иш-чаралар өтүп жаткан аянтчаларда ар кандай жаракат алган адамдарга биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн.

ӨКМдин маалыматы боюнча, бардык кайрылуулар жана кырсыктар туруктуу көзөмөлдө болгон.