Сүрөт ачык булактардан алынды
14 август
Кыргызстанда миң адамга 9 стационардык телефон туура келет
Мобилдик байланыш жана интернеттин кеңири жайылышынын фонунда стационардык телефондордун саны азайып жатат.
2021-жылы жалпы пайдалануудагы электр байланыш тармагына 244,6 миң телефон аппараты туташтырылса, 2025-жылдын аягында алардын саны 142,4 миңге чейин кыскарган.
Бул аралыкта батирлердеги телефон аппараттарынын саны дээрлик 2,5 эсеге азайып, 157,8 миңден 65,4 миңге түшкөн.
2025-жылы Кыргызстандын ар бир миң тургунуна орточо 9 батирдик телефон аппараты туура келген. Шаар жергесинде бул көрсөткүч 1000 адамга 18 аппаратты, ал эми айыл жергесинде 2 аппаратты түзгөн.
