"Сосновка" постунд жүк ташуучу унааларга чектөө алынды
24 январь

"Сосновка" постунд жүк ташуучу унааларга чектөө алынды

Бишкек–Ош унаа жолунун "Сосновка" постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө бүгүн саат 08:35те алынды. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Унаа жол тайгак болгондугуна байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында "Сосновка" постуна кечээ саат 18:00дөн тартып №9 ЖТИнин сунушу боюнча жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилген.