Раззаков шаарынын тургундарына бир кап көмүр 260 сомдон сунушталууда
2025-2026-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында Раззаков мэриясы тургундар үчүн арзан баадагы көмүр жеткирүүнү уюштурду.
Көмүр шахталары менен түзүлгөн келишимдерге ылайык, "Орешка" маркасындагы көмүр таратылууда. Бир кап көмүр 260 сомдон сатылууда.
2025-жылдын 9-ноябрында төмөнкү райондорго көмүр жеткирилди:
- Раззаков-4-квартал: 310 кап (12 тонна);
- Раззаков-5-квартал: 390 кап (16 тонна).
Көмүр жакынкы күндөрү шаардын бардык райондоруна жеткирилет. Тургундардан алуучулардын тизмесине кирүү үчүн айыл аксакалдарына катталуу суранылат.
