Кыргызстан эл аралык туризм үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда
Брюсселде 10-мартта Кыргызстандын элчилиги Брюсселдеги «Turkish Airlines» кеңсеси, Туризмди өнүктүрүү фонду жана Кыргыз Туристтик Уюмдарынын Ассоциациясы (КАТО) менен биргеликте Бенилюкс өлкөлөрүндө Кыргызстандын туристтик жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн илгерилетүү боюнча иш-чара өткөрдү. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.
Иш-чаранын расмий бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Элчиси А.Эркин, Туризмди өнүктүрүү фондунун Вице-президенти А.Алиев, “GIZ” өкүлү С.Исаева, КАТО өкүлү С.Мидин, «Turkish Airlines» өкүлү А.Коктен, ошондой эле ишкер жана академиялык чөйрөлөрдүн өкүлдөрү сөз сүйлөштү.
Иш-чаранын катышуучулары Кыргызстандын туристтик жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү менен таанышып, болочок бизнес өнөктөштөрүн табуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Мындан тышкары, иш-чаранын алкагында Кыргызстан тарабынан глобалдык платформаларда тоо маселесин көтөрүү боюнча демилгелер сунушталып, ага тоо экосистемаларын сактоо, туруктуу туризм жана тоолуу аймактарды өнүктүрүү маселелери кирди.
