Ыйык жайлар, жаңгак токойлору. Жалал-Абад облусунда туризм тармагы алдыга жылдырылат
Жалал-Абад облусунда туризм тармагын өнүктүрүү маселелери талкууланууда, деп кабарлайт президенттин облустагы өкүлчүлүгү.
Маалыматка ылайык, жыйынга облус башчысынын биринчи орун басары Шабдан Абдырайым уулу, орун басары Исламбек Увайдуллаев, Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик мекемелердин, жергиликтүү бийлик органдарынын жана туризм тармагындагы өкүлдөр катышууда.
Иш-чаранын жүрүшүндө Жалал-Абад облусундагы туризмдин учурдагы абалы, туристтик инфраструктураны жакшыртуу, инвестицияларды тартуу, туристтер үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүү, тейлөө сапатын жогорулатуу жана жаңы туристтик багыттарды өнүктүрүү маселелери талкууланып жатат.
Жыйында биринчи орун басар Шабдан Абдырайым уулу Жалал-Абад облусу өлкөдөгү туристтик мүмкүнчүлүгү эң жогору аймактардын бири экенин белгилеп, облустун кооз жаратылышы, тарыхый-маданий мурастары, ыйык жайлары, бийик тоолору, көлдөрү, жаңгак токойлору жана дарылык касиетке ээ жаратылыш байлыктары ички жана чет элдик туристтерди тартууга кеңири мүмкүнчүлүк түзөрүн айтты.
Жыйында мамлекеттик органдардын өз ара кызматташтыгын күчөтүү, туристтик потенциалды натыйжалуу пайдалануу жана туризмди экономиканын маанилүү тармактарынын бири катары өнүктүрүү боюнча биргелешкен иштерди улантуу тууралуу макулдашуулар белгиленүүдө.
