Айдоо фест 2025. Кыргызстанда алгачкы ирет жер айдоо боюнча чемпионат өтөт
15 апрель

Айдоо фест 2025. Кыргызстанда алгачкы ирет жер айдоо боюнча чемпионат өтөт

Кыргызстанда биринчи жолу 26-27-апрель күндөрү Сокулук районундагы Кожомкул айылында жер айдоо боюнча чемпионат өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мыкты жети команда Кыргызстандын булуң-бурчунан чогулуп, бир талаада чеберчилигин көрсөтүшөт.

Күчтүү техникалар, тажрыйбалуу механизаторлор жана тактык үчүн таймаштар — көрүүчүлөрдү унутулгус таасир күтөт.

Баш байге:

•    1-орун — Lovol TE354 трактору + Россияда өтө турчу жер айдоо боюнча чемпионатка катышуу мүмкүнчүлүгү (толук Айыл Банк тарабынан каржыланат)

•    2-орун — Электроцикл (1500 кг) + өнөктөштөр тарабынан берилген техника сатып алууга арзандатуучу сертификаттар

•    3-орун — Электроцикл (700 кг) + өнөктөштөр тарабынан берилген техника сатып алууга арзандатуучу сертификаттар

•    4–7-орундар — Тиричилик техникалары жана акчалай сыйлыктар

Кой кыркуу боюнча конкурс:

•    1-3-орун — Жүн кыркуу үчүн атайын машинка + акчалай сыйлыктар

•    4-7-орундар — Тиричилик техникалары жана акчалай сыйлыктар

Ошондой эле:

•    Айыл чарба техникаларынын жарманкеси жана тест-драйвдар

•    Элдик кыргыз оюндар

•    Балдар аянтчасы жана аниматорлор

•    Мыкты ашпозчулардан палоо боюнча мастер-класс

•    Сиз сүйгөн эстрада ырчылары катышкан концерттик программа.

Дареги: Сокулук району, Кожомкул айылы, Фрунзе көчөсү, б/н (жаңы автовокзалдын жанында) 

Кирүү акысыз!