Түндүк райондук электр тармактарында күз-кыш мезгилине даярдык кызуу жүрүүдө
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарбынан жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында “КУЭТ” ААКтын филиалы Бишкек электр тармактары ишканасынын Түндүк райондук электр тармактарында 2025–2026-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык жана жабдууларды жаңылоо иштери кызуу жүрүүдө.
2025-жылдын башынан бери төмөнкү иш-чаралар аткарылды:
• 44 трансформатордук көмөк чордон жана 38,54 чакырым аба чубалгылары капиталдык оңдоодон өткөрүлдү;
• 241 трансформатор жана 556 чакырым 6–10/0,4 кВ чыңалуудагы аба чубалгылары техникалык тейлөөдөн өткөрүлдү;
• 38 чакырым 6–10/0,4 кВ чыңалуудагы кабелдик чубалгыларында техникалык тейлөө жана оңдоо иштери жүргүзүлдү;
• 10 даана жаңы шаардык типтеги комплект трансформатордук көмөк чордондор (ГКТП) шкафтары орнотулду;
• 119 даана эски эскирген электр мамыларын жаңы темир-бетон мамыларга алмаштырылды;
• 22,5 чакырым аба чубалгылары заманбап СИП-2 зымдарына алмаштырылып, реконструкцияланды.
Бул иштер калкты ишенимдүү, сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылууга, авариялык кырдаалдардын санын азайтууга жана электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.
