Кожокулова Соцфонддун төрагасынын орун басарын “жашоодон бөлүнүп калган адам” атады
13 май

Кожокулова Соцфонддун төрагасынын орун басарын “жашоодон бөлүнүп калган адам” атады

Депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин жыйынында эмнеге пенсия ар айдын башында төлөнбөй турганына кызыкты. 

“Коммуналдык төлөм айдын башында келет, айлык акылар да айдын башында берилет. Эмнеге пенсия ар айдын 10уна калып кеткен? Мага пенсионерлер кайрылып жатышат, “биз пенсиябызды алып коммуналдык төлөм төлөгүчө, туум кошулуп калууда” деп”, – деди Бекешев. 

Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Джуматаева тескерисинче, пенсионерлер үчүн ыңгайлуу шарт түзүлгөнүн айтты. 

“Коммуналдык төлөмдөрдү ар айдын 25ине чейин төлөөгө болот, а пенсия 10унда берилет. Пенсионерлер төлөө мезгилине туш келишет. Негизи, мыйзам боюнча өткөн ай үчүн пенсия төлөнүшү керек болчу. А биз ошол ай үчүн төлөйбүз. Мисалы, 10-майда май үчүн пенсия төлөнөт”, – деди ал. 

Ошондой эле орун басар Финансы министрлиги каражатты ар айдын 5ине чейин котороорун, ошондуктан пенсияны айдын башына жылдыруу мүмкүн эместигин кошумчалады. 

Депутат Гуля Кожокулова Соцфонддун төрагасынын орун басарын “жашоодон бөлүнүп калган адам” катары баалады.

“Сиз айдын аягында коммуналдык төлөмдөр төлөнөт деп атасыз. Балким, сиз аны өзүңүз төлөбөсөңүз керек. Бирок башка адамдар баары бирдей 10 күндүн ичинде төлөшү керек, болбосо туум жазылат. Бул балким, сиз үчүн аз гана суммадыр, а пенсионерлерге байкалаарлык акча. Мурда Финансы министрлиги менен ушинтип сүйлөшүлгөн деп жатасыз, ал убакта бюджетке жүк көп болчу. А азыр бизде профицит. Ошондуктан бул маселени чечкиле”, – деди ал. 

Гүлнура Джуматаева өзү коммуналдык төлөмдөрдү ар айдын аягында төлөй турганын айтып баштады эле, депутат аны токтотту. 

“Балким, сизге персоналдык жеңилдик беришеттир, а башкалар бир тартипте төлөшөт. Түз чече турган нерсени, кыйгачтатып, Ташкент аркылуу өткөрбөй эле чечкиле. Эгерде күчүбүз жетпейт десеңер, анда мыйзам деңгээлинде чечүүгө аракеттенели”, – деди Кожокулова. 

Соцфонддун төрагасынын орун басары башка мекемелер, мисалы, ЖЭБ, Газпром менен кеңешип, биргеликте бул маселени чечүүгө умтулушаарын белгиледи.