Сокулук районунда Жол текөөчүсүн капотто сүйрөп кеткен айдоочу кармалды
20 август

Сокулук районунда Жол текөөчүсүн капотто сүйрөп кеткен айдоочу кармалды

2025-жылдын 20-август күнү Сокулук РИИБ боюнча ЖКК бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан жол коопсуздугун камсыздоо учурунда болжол менен саат 3:15 чамасында кызматкерлер тарабынан мамлекеттик номери жок «Toyota Camry» үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Токтотулган учурда айдоочу качуу максатында, токтотууга аракет көргөн жол тескөөчүсүн 200-300 метрдей унаасынын капотуна сүйрөп, ошол эле учурда кулатууга аракет көргөн.

Бул окуянын негизинде кызматкерлер тарабынан унаа токтотулуп, унаанын айдоочусу 2008-жылы туулган М.К. аттуу жашы жете элек өспүрүм экени аныкталып, ага карата 15 миң сом айып тагылып андан тышкары унаанын тиешелүү номеринин жоктугуна жана кызматкерге баш ийбегендиги боюнча тиешелүү протоколдор толтурулуп бул аракеттери үчүн Сокулук РИИБге жеткирилген.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Тергөнүн жыйынтыгы менен мыйзам чегинде тиешелүү укуктук баа берилет.