Садыр Жапаров: Айдоочулардын 90%ы күбөлүк сатып алгандар. Бул ачуу чындык
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу үч негизги маселе боюнча кайрылуу жасады. Анын бирөө айдоочулук күбөлүк маселеси.
Мамлекет башчысынын айтуусуна караганда, бүгүнкү колунда күбөлүгү барлардын 90 пайызы айдоочулук күбөлүктү сатып алгандар. Бул ачуу чындык.
"Азыр көчөдөн көпчүлүк айдоочуну токтотуп, жол эрежелерин сурабай эле коёлу мотор, коробка, радиатор, аккумулятор, стартери кайсы деп сурасаң көрсөтө албайт. Мотору кайсы десең радиаторун көрсөткөндөр четинен чыгат. Ошондуктан келечек муун үчүн азыртадан кам көрөлү", - деген президент бул тармакты ирээтке келтирүү керектигин айтып, статистикалык маалыматтарды келтирген.
- 2014-жылдан 2020-жылга чейин авто кырсыктан каза болгондордун саны 6159 адамды түзүптүр.
- 2021-жылдан бүгүнкү күнгө чейин 3818 адамды түздү.
- Жаракат алгандардын саны 2014-жылдан бери бүгүнкү күнгө чейин 121 896 адам.
Жапаров мындан ары айдоочулук күбөлүктү эч ким сатып ала албай тургандыгын баса белгиледи. Мурда сатып алгандар эреже бузуп кармалса, экзамен тапшырууга кетет.
"Эрежелерди билбегендер же унутуп калгандар болсо кайра жаттап алышат. Автокырсыктын баарын эреже менен айдабагандар жасап, адамдардын өлүмүнө алып келип жатышат", - деди мамлекет башчысы.
Президент кошумчалагандай, өлкө боюнча бардык мектептерге Жол кыймылынын эрежелери боюнча кошумча сабак кирет. Ал ИИМдин Жол коопсуздугу башкармалыгынын адистери жана Билим берүү министрлиги тарабынан иштелип чыгууда.
"Биз азыртадан катуу чара көрүп баштасак, ошондо дагы 50 жылда тазаланабыз", - деди президент.
