Чүй облустук милиция кызматкерлери тарабынан мурунку жарандык жубайын өлтүрүп, сөөгүн Сосновка айылындагы тоо тарапка көмүп койгон шектүү жаран кармалды
12 сентябрь

Чүй облустук милиция кызматкерлери тарабынан мурунку жарандык жубайын өлтүрүп, сөөгүн Сосновка айылындагы тоо тарапка көмүп койгон шектүү жаран кармалды

2020-жылдын 30-августунда Жайыл РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 1967-жылы туулган Т.А. аттуу жаран кайрылып, 2020-жылдын 8-августунда болжол менен саат 8:00дө Кара-Балта шаарындагы үйүнөн 1986-жылы туулган Б.З. аттуу кызы чыгып кеткен бойдон кайтып келбегенин билдирген.

Бул факт Жайыл РИИБдин КБРне каттого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Издөө иштери жүргүзүлүп, бирок издөө иштеринен натыйжа чыккан эмес.

Чүй ОИИББнын кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө дайынсыз жоголгон Б.М. ошол күнү Сосновка айылындагы тоодо, бир жылдан бери ажырашып жүргөн С.Р. аттуу күйөөсү менен чогу жүргөндүгү аныкталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан бул маалымат иликтенип, 2025-жылдын 9-сентябрында Сосновка айылынын түндүк тарабында, тоо тараптагы суу сактагычтын жанынан анын зомбулуктун белгилери бар сөөгү табылган.

Кылмышка шектүү С.Р. аттуу жаран кармалып, ал 2020-жылдын август айында бир жылдан бери ажырашып жүргөн мурунку жарандык жубайы менен жолугуп, кызганычтын айынан денесине залал келтирип, анын өлүмүнө алып келгени жана кылмышты жашыруу максатында сөөктү көмүп салганы аныкталган.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголуп. Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 96-беренесинин негизинде бул кылмышка шектүү катары 1976-жылы туулган С.Р. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген жана ошондой эле соттун чечими менен ага карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалган. Учурда бардык экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары уланууда.