Кыргызстанда ВИЧтин дээрлик 15 миң учуру катталган
17 июнь

Кыргызстанда ВИЧтин дээрлик 15 миң учуру катталган

Кыргызстанда катталган ВИЧ-инфекциясынын учурларынын саны болжол менен 15 миңге жетти. Анын ичинен 14 миңге жакыны өлкө жарандары. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Анын айтымында, инфекциянын жугуусунун негизги жолу мурдагыдай эле жыныстык катнаш аркылуу болууда. Парентералдык жол менен жугуу үлүшү болжол менен 6,4% түзсө, энеден балага жугуу көрсөткүчү 2–3%га чейин төмөндөгөн.

«Бул көрсөткүчтүн төмөндөшү дарылоо иштеринин жүргүзүлүшү жана атайын дары-дармектердин колдонулушу менен байланыштуу. Натыйжада энеден балага инфекциянын өтүү деңгээли азайып жатат», — деди ал.

Ошондой эле ал Кыргызстанда ВИЧти аныктоо жана дарылоо боюнча «95-95-95» стратегиясы ишке ашырылып жатканын маалымдады. Учурда ВИЧ-инфекциясын аныктоо деңгээли болжол менен 85%ды түзөт.