Садыр Жапаров: Кытай темасын козуткан тышкы жана ички күчтөр бар
Кытай темасын козуткан тышкы жана ички күчтөр бар. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров журналист Али Токтакуновго берген маегинде билдирди.
Анын айтымына караганда, өлкөдөгү айрым ири долбоорлордун бүтпөй калышына кызыкдар тараптар бар болушу мүмкүн.
"Кытай темасын байма-бай айтып жатышат. Кытайдан биз эмне жамандык көрдүк? Мисалы, Бишкектеги таштанды заводун алалы. Өмүр бою түтөп жатканбыз, азыр түтүндү, таштандыны жоготуу менен бирге 30 МВт электр энергиясын берип жатат. 550 кытай келип салды, анын 500ү кетип, бешөө гана калды. Алар да жарым жылдан кийин кетет, жалаң кыргыздар башкарат", - деди президент.
Садыр Жапаров дүйнөдө Кытай менен кызматташууну каалагандар көп экендигин кошумчалады.
"Кытай биздин коңшубуз, алардын тажрыйбасын пайдаланыш керек. Алар менен чек ара же эл аралык чечилбей жаткан маселебиз жок. Биз Кытайдан 100 жылдай артта калбадыкпы. Эми эң болбогондо алдыда келе жаткан 20 жылда кубалап жетип алалы", - деди Жапаров.
