Кара-Балта мэриясында мина коюлду деген билдирүүдөн улам эвакуация жүрдү
Кара-Балта мэриясында бүгүн, 28-июлда шашылыш түрдө кызматкерлер жана келген адамдар эвакуацияланды. Ага имараттын ичине мина коюлду деген билдирүү себеп болгон.
Жерине ӨКМ, милиция кызматкерлери жана сапер кызматы келген. Имарат курчоого алынып, бөлмөлөр дыкат текшерилүүдө.
Окуянын чоо-жайы такталууда. Укук коргоо органдары билдирүү калтыргандарды издөөдө. Мэриянын иши убактылуу токтотулду.
