Кыргызстанда 56 сот аткаруучу бөлүмү иштейт
5 март

Кыргызстанда 56 сот аткаруучу бөлүмү иштейт

Кыргыз Республикасынын Сот аткаруучулар кызматы учурда Башкы прокуратуранын карамагында иш алып барат. Бул тууралуу түз эфирде кызматтын директорунун орун басары Кубанычбек Капалов билдирди.

Анын айтымында, мекеме президент Садыр Жапаров тарабынан 2025-жылдын 23-июнунда кол коюлган №187 жарлыктын негизинде иш жүргүзүүдө.

Кызматтын негизги милдети — аткаруу документтерин ыктыярдуу же мажбурлоо тартибинде аткарууну камсыз кылуу.

Учурда өлкө боюнча кызматтын 56 бөлүмү иштейт. Алардын курамында 380ге жакын сот аткаруучу эмгектенет.

Мекеме сот актыларын, мамлекеттик органдардын чечимдерин жана башка аткаруу документтерин аткаруу менен алектенет. Анын ичинде карыздарды, айып пулдарды өндүрүү сыяктуу иштер да жүргүзүлөт.