Бишкекте түндө салют аткан жаран кармалды
28 июль

Бишкекте түндө салют аткан жаран кармалды

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынын инспектору Надырбек Жусуповдун маалыматына караганда, 27-июлга караган түнү шаардын борборунда тынчтыкты бузган жаран кармалган. 

Жашоочулар болжол менен саат 03:00дөр чамасында Ала-Тоо аянтынын жанындагы "Фрунзе" ресторанында салют атылгандыгы тууралуу билдирүү калтырышкан. Жерине келген кайгуул кызматкерлери пиротехникаларды коробкага салып жаткан жаранды кармашкан. Ага "Тынчтык жөнүндө" мыйзамга ылайык, саат 22:00дөн баштап ызы-чуу жараткан иш-аракеттерге тыюу салынганы эскертилди.

Жаран милиция бөлүмүнө жеткирилди.