Регулятордук гильотина: Кыргызстандагы ишкерик үчүн барьерлерди 45%га кыскартуу
13 май

Регулятордук гильотина: Кыргызстандагы ишкерик үчүн барьерлерди 45%га кыскартуу

Кыргызстандын Эл аралык университетинин имаратында лицензиялоо-уруксат берүү тутумун реформалоо боюнча кеңейтилген талкуу өттү. Негизги басым эскирген административдик тоскоолдуктарды жоюуга багытталган Президенттин №144 «Регулятордук гильотина жөнүндө» Жарлыгын практикалык ишке ашырууга жасалды.

Фактылар жана сандар:
74төн ашык ведомство катышкан инвентаризациянын жыйынтыгында өлкөдөгү уруксат берүүчү документтердин саны 905тен 495ке чейин кыскартылды. Ошентип, бизнеске болгон бюрократиялык жүк 45%га азайды. Дагы 199 процедура терең оптималдаштыруу процессинде турат.

Бизнес менен диалог:
Бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү жүргүзүлүп жаткан реформалардын чечкиндүүлүгү үчүн ыраазычылык билдиришти, бирок ошол эле учурда системалык көйгөйлөрдү ачык белгилешти.

Алсак, КАТОнун (Кыргыз туроператорлор ассоциациясы) өкүлү чет өлкөлүк туристтик компаниялардын ишмердүүлүгүн жөнгө салуу зарылдыгына токтолду. Учурда бул тармак жетишсиз жөнгө салынгандыктан, рыноктун жергиликтүү катышуучулары үчүн тең эмес шарттарды жаратууда.

Реформанын башкы жыйынтыгы:
Реформанын негизги натыйжасы – жарандардан жана бизнестен мамлекеттик маалымат базаларында мурунтан эле бар болгон маалыматтарды талап кылууга тыюу салуу болуп саналат.