УКМКнын аскер бөлүгүндө катардагы жоокер каза болду
20 август

УКМКнын аскер бөлүгүндө катардагы жоокер каза болду

2022 аскер бөлүгүнүн тарамдарынын биринде мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчысы катардагы жоокер И.у.А., асынып өзүнө кол салган. Бул тууралуу КР УКМК Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы кабарлайт.

Окуя 20-августта катталган.

Бул факты боюнча дароо тийиштүү укук коргоо органдары кабардар болду.

Ведомство тарабынан бардык жагдайларды жана окуянын себебин аныктоо үчүн кызматтык иликтөө дайындалды.