Ошто акча алмаштыруучу жайдын ээси бычакталып каза тапты. Окуянын чоо-жайы
Ошто акча алмаштыруучу жайдын ээси бычакталып каза тапты. Бул тууралуу Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Милициянын маалыматына караганда, окуя 2026-жылдын 24-майында катталган. Милицияга маалымат кечки саат 18:15те түшкөн.
Окуя болгон жерге Ош ШИИБдин жетекчилиги жана ыкчам тергөө тобунун кызматкерлери ыкчам барышкан. Аталган даректе акча алмаштыруучу жайдын ээси жана иштеткен атуул 1992-жылы туулган М.Х. кол салган адамдан денесинен жаракат алып, Ош ШИИБдин кайгул күзөт кызматынын автоунаасынын жардамы менен Ош шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.
Ош ШИИБдин КИБнүн кызматкерлери кылмышка шектүүнү кармоо учурунда ал өзүнө кол салып, жанын кыюуга аракет жасаган. Бирок, ыкчам кызматкерлер ага мүмкүнчүлүк бербей, кармап калууга үлгүрүшкөн, колундагы бычакты алышкан.
Шектүү Ош ШИИБдин тергөө кызматына камсыз болуп, анын өздүгү такталган.
Ал Ош облусунун Өзгөн районунда 1988-жылы туулган Т.Н. аттуу жаран болгон. Аны жеке тинтүү учурунда жанынан 37 миң 500 сом акча, эки даана “Самсунг” үлгүсүндөгү уюлдук кол телефондору жана бир даана 100 граммдык “Беленькая” спирттик ичимдигинин бош бөтөлкөсү алынган.
Окуя болгон жерди кароодо канга окшош заттар, бычак, дептер ал жерге орнотулган видео тасманы сактаган сервер алынды.
Окуя болгон жердеги видео тасманы караганда шектүү Т.Н. окуя болгон жерге башына кара кепка, бетине медициналык көк түстөгү бет кап кийип, жабыр тарткан М.Х. олтурган жерине кирип барып эле колундагы желим баштыкчадан бычак алып чыгып, аны стулда олтурган жеринен денелерине туш келди сайып, андан соң акча алмаштыруучу жайдын кийинки бөлмөсүнө кирип, колуна акча алып чыккандыгы тасмага тартылгандыгы аныкталды.
Ош шаардык ооруканасынын берген маалым каты боюнча М.Х. Ош шаардык ооруканасынын хирургия бөлүмүндө операция жасалып жаткан учурда алган жаракатынан улам каза болгон.
Шектүү Т.Н. жабырлануучу М.Х.ны бычактап жатканда, ошол көчөдө эт сатып иштеген Ош шаарынын тургуну, 1987-жылы туулган А.К. ажыратканы барганда, анында он колуна жаракат келтирген.
Каза болгон М.Х.нын денесиндеги жаракаттардын денгээлин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза Ош облустук СМЭ бюросунун экспертинин ички изилдөсүнө берилген. Окуя болгон жерден алынган заттарга соттук-биологиялык, алынган кийимдерге соттук-медико-криминалистикалык экспертиза дайындалган.
Жабыр тарткан М.Х. Ош облусунун Кара-Суу районунунда 1992-жылы туулган, Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагынын тургуну, үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы. Аталган даректеги акча алмаштыруучу жайда 2026-жылдын февраль айынан тартып иштетип келген.
Кылмышка шектүү Т.Н. Ош облусунун Өзгөн районунунда туулган, Кыргыз Республикасынын жараны, өз сөзүнөн мурда соттолгон, ажырашкан. Төрт баланын атасы, Ош шаарынын Төлөйкөн кичи районунун тургуну, эч жерде иштебейт.
Аталган окуя боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 122-бер. 2-б. 7,10,12-п.п.,(адам өлтүрүү) каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иш козголуп, ыкчам тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.
