Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин кызматкерлери тарабынан алдамчылыкка шектүү кармалды
Бишкек шаарынын Октябрь РИИБге Ж.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылып, А.И. аттуу жаранга карата мыйзамдуу чара көрүп берүүсүн суранган. Себеби, 2024-жылдын ноябрь айынан тартып 2026-жылдын 2-январына чейин Бишкек шаарынын Дүйшеев көчөсүндө жүрүп, ишенимге кирип, алдамчылык жолу менен Чүй облусунун Байтик айылынан жер тилкелерин жана Бишкек шаарынын аймагынан батирлерди алып берүү шылтоосу менен жалпы суммасы 334 мин АКШ долларын түзгөн акча каражаттарын ээлеп алып, изин жашырып, качып кеткен.
Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнын 209 (Алдамчылык) беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.
Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин кызматкерлери тарабынан 1990-жылы туулган А.И. аттуу жаран аныкталып, кармалган. Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде шектүү катары Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына камакка киргизилди.
