Кыргызстан менен Түркия кызматташтыктын келечегин талкуулашты
28 февраль

Кыргызстан менен Түркия кызматташтыктын келечегин талкуулашты

Кыргызстандын элчиси Руслан Казакбаев Түркиянын тышкы иштер министринин жаңы дайындалган орун басары Зеки Левент Гүмрүкчү менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, жолугушууда элчи КР президенти Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан саясий жана экономикалык реформалар тууралуу кеңири маалымат берди.

Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы саясий, парламенттер аралык, соода-экономикалык, билим берүү жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуу маселелери, ошондой эле Кыргызстан менен Түркиянын көп тараптуу платформалардагы өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.

Элчи Р.Казакбаев министрдин орун басары Зеки Левент Гүмрүкчүнү Кыргызстандын Түрк мамлекеттер уюмуна төрагалык кылуу концепциясы, ошондой эле 2027-2028-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкер катары Кыргыз Республикасынын программасы жана пландары менен тааныштырды.

Мындан тышкары, түрк тарапка «Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттерди» ишке ашыруунун алкагында Кыргызстандын тоо күн тартибин алдыга жылдырышы жана ушул жылы Бишкекте «Туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык тоо диалогу» эл аралык конференциясын өткөрүү планы тууралуу маалымат берилди.