VI ДКОго даярдык: маанилүү көмөкчордондордо жаңы өчүргүчтөр орнотулууда
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктын алкагында Ысык-Көл облусунда электр энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу боюнча иштер улантылууда.
Анын алкагында негизги көмөкчордондордо эски жабдуулар жаңыланып, жаңы өчүргүчтөр орнотулууда.
«Григорьевка» 110 кВ көмөкчордону Кырчын жайлоосунда өтө турган негизги мелдештердин электр энергиясы менен камсыз болушунда маанилүү орунду ээлейт. Буга чейин көмөкчордонунда өчүргүчтүн ордуна эски ажыраткыч колдонулуп келген. Электр чубалгысында авария болуп калганда, аны дароо бөлүп ажыратууга мүмкүнчүлүк чектелүү болгондуктан, Чолпон-Атадан Ананьевого чейинки аймактарда электр энергиясынын өчүп калуу коркунучу жаралган.
Жаңы өчүргүч орнотулгандан кийин авария болгон учурда электр чубалгысынын бузулган бөлүгүн гана ажыратып, калган бөлүктөргө электр энергиясын берүүнү улантууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул электр энергиясынын кеңири аймакта өчүп калуусунун алдын алат.
Ошондой эле «Бостери» 110 кВ көмөкчордонунда жаңы өчүргүчтөр орнотулууда. Бул көмөкчордон ипподромду электр энергиясы менен камсыз кылууда маанилүү роль ойнойт.
Жаңы жабдуулар электр тармагын ишенимдүүрөөк кылып, авария болгон учурда бузулган бөлүктү тез ажыратууга жана электр энергиясын берүүнү тез арада калыбына келтирүүгө шарт түзөт.
Бул иштердин натыйжасында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтө турган Кырчын жайлоосу, ипподром жана башка маанилүү объектилер электр энергиясы менен туруктуу жана ишенимдүү камсыздалат.
