Чүйдө кесиптешин сабаган милиционерлер кармалды
Чүй ОИИББнин кайгуул-күзөт кызматынын кызматкерине дене жаракатын келтирген шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Чүй облусунун ИИББде Милициянын кайгуул-күзөт кызматынын кызматкерине дене жаракаты келтирилген факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пункту менен кылмыш иши козголгон.
Кылмыш ишин тергөөнү Чүй облусунун ИИББнин Тергөө кызматы жүргүзүүдө.
Кыргыз республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматынынын кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам-тергөө амалдарынын жыйынтыгында жабырлануучуга дене жаракатын келтирген жарандар аныкталып, алар жабырлануучу менен бирге кызмат өтөгөн кесиптештери экендиги такталган.
Тактап айтканда, алар Чүй ОИИББнин Милициянын кайгуул-күзөт кызматынын полкунун 2000-жылы туулган П.у.Т., 2002-жылы туулган М.И. жана 2003-жылы туулган С.А. аттуу милиционерлери.
Аталган кызматкерлер Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 96-беренесине ылайык шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары улантылууда.
Чүй облусунун ИИББнин жетекчилиги кызматкерлер арасында мыйзамдуулуктун жана кызматтык тартиптин бузулушуна байланыштуу фактыларга принципиалдуу мамиле кылат.
Кызматкердин ээлеген кызматына, атайын наамына жана эмгек сиңирген жетишкендиктерине карабастан, күнөөсү мыйзамда белгиленген тартипте далилденген учурда тиешелүү чаралар көрүлөт.
