Бишкек: милиция кызматкерлери уурулукка шектүүнү кармашты
Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына К.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылып, анда 2026-жылдын 20-март күнү болжол менен саат 20:00 чамасында Б.Бейшеналиева көчөсүндө жайгашкан кафелердин биринде белгисиз жаран ичинде 95 000 сом акча каражаты бар кол сумкасын жашыруун түрдө уурдап кеткендигин билдирген. Бир аз убакыттан кийин арыз ээси кол сумкасынын жок экендигин байкап, кафе администрациясы менен биргеликте издөө иштерин жүргүзгөн. Издөө учурунда сумка коңшу столдун алдынан табылган. Текшерүү маалында кол сумканын ичинде болгону 5 000 сом калгандыгы, ал эми калган акча каражаты белгисиз жаран тарабынан уурдалганы аныкталган.
Бул факты боюнча Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен кылмыш иши козголгон.
Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан 1997-жылы туулган А.Б. аттуу жаран кармалды. Ал Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тергөө иштери уланууда.
