Бишкек, Чүй жана Ысык-Көл облустарында унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет
Сүрөт ачык булактардан алынды
14 август

Бишкек, Чүй жана Ысык-Көл облустарында унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет

2026-жылдын 29-августунан 6-сентябрына чейин ички иштер органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, коомдук тартипти сактоого, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга жана мүмкүн болуучу укук бузуулардын алдын алууга өзгөчө көңүл бурулат.

ИИМден кабарлашкандай, Бишкек шаарынын, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын аймагындагы айрым жол тилкелеринде убактылуу чектөөлөр киргизилип, транспорт каражаттарынын кыймылы мезгил-мезгили менен убактылуу жабылат.

Министрлик мамлекеттик маанидеги иш-чараларга байланыштуу киргизилүүчү убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт. Жол тыгындарынын алдын алуу максатында каттамдарыңызды алдын ала мерчемдеп, мүмкүнчүлүккө жараша сапарга чыгуудан убактылуу баш тартууңуздарды суранат

Ошондой эле жол кыймылын жөнгө салып жаткан милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын так сактоону өтүнөт.