Бишкек шаарынын ИИББда жаш тергөөчүлөр үчүн окуу сабагы өткөрүлдү
2026-жылдын 5-сентябрында Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгында кесиптик деңгээлди жогорулатуу жана практикалык тажрыйба алмашуу максатында борбор калаанын райондук ички иштер башкармалыктарынын кызмат өтөө мөөнөтү бир жылга жетпеген тергөөчүлөрү үчүн окуу сабагы өткөрүлдү.
Окуу учурунда алдын ала тергөө жүргүзүлүүчү жерди аныктоо, МЭЖге катталган материалдарды кароо мөөнөттөрүн узартуунун тартиби, кылмыш иштерин түзүүгө коюлган талаптар, ошондой эле белгиленген процесстик мөөнөттөрдү сактоо жана тиешелүү документтерди туура тариздөө маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Мындан тышкары, жаш тергөөчүлөр тажрыйбалуу кызматкерлер менен биргеликте күнүмдүк кызматтык ишмердүүлүктө жаралган практикалык маселелерди талкуулап, тажрыйба алмашышты жана тергөө иштерин уюштуруунун натыйжалуу ыкмаларын карап чыгышты.
Мындай окуу сабактарын өткөрүү алдын ала тергөөнүн сапатын жогорулатууга, мыйзамдардын ченемдерин бирдиктүү колдонууга, жаш кызматкерлердин кесиптик көндүмдөрүн өркүндөтүүгө жана кызматтык тартипти чыңдоого өбөлгө түзөт.
