"Окуучу кыздарды интимдик кызмат көрсөтүү үчүн сунуштап жүргөн". Караколдо шектүү кармалды
2026-жылдын 7-майында Каракол ШИИБде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 159-беренесинин негизинде козголгон кылмыш ишинин жүрүшүндө Каракол шаарынын аймагында бир жаран сойкулукка көмөктөшүү менен алектенип жаткандыгы тууралуу маалымат алынган.
Аталган маалымат Каракол ШИИБдин МЭЖне катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган.
Текшерүү ишинин жүрүшүндө маалыматта көрсөтүлгөн сойкулукка көмөктөшүү менен алектенип жүргөн жарандын өздүгү аныкталып, ал Каракол шаарынын 1995-жылы туулган Б.Н. аттуу тургуну болуп чыккан.
Жогорудагы жагдайлардын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 159-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери аныкталып, факт 2026-жылдын 8-майында Каракол ШИИБдин КБРне катталып, кылмыш иши козголгон.
Каракол ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан аталган факт боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, ыкчам маалыматтын негизинде 2026-жылдын 17-майында саат 02:40 чамасында Каракол шаарынын кичи райондорунун бириндеги батирден 16 жаштагы жашы жете элек өспүрүм кыз шектүү Б.Н. тарабынан кардар, 1996-жылы туулган Л.Т.га интимдик кызмат көрсөтүүгө мажбурланып жаткан учурда аныкталып, мыйзамсыз иш-аракет токтотулуп, тергөө кызматына жеткирилген.
ындан тышкары, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кардар Л.А. мессенджер тиркемеси аркылуу шектүү Б.Н. менен мурда дагы бир нече жолу байланышып жүргөндүгү аныкталган. Кат алышуулардын жүрүшүндө Б.Н. башка жашы жете элек өспүрүм кыздарды да интимдик кызмат көрсөтүү үчүн сунуштап жүргөндүгү белгилүү болгон.
Сунушталган жашы жете элек өспүрүм кыздардын биринин өздүгү аныкталып, ал тергөө кызматына жеткирилген. Өспүрүм кыз шектүү Б.Н. тарабынан системалуу түрдө интимдик кызмат көрсөтүүгө мажбурланып келгендиги тууралуу кеңири мыйзамдуу өкүлүнүн катышуусунда көрсөтмө берген.
Кылмышка шектүү Б.Н. 2026-жылдын 21-майында Каракол ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын аймагынан кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Каракол шаардык сотунун чечими менен шектүүгө карата эки ай мөөнөткө камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалган.
Учурда тергөө амалдары уланууда.
