Бишкек – Нячанг каттамы ачылды
28 февраль

Бишкек – Нячанг каттамы ачылды

Үстүбүздөгү жылдын 27-февралынан тартып "Аэро Номад Эйрлайнс" авиакомпаниясы тарабынан Бишкек – Нячанг – Бишкек багыты боюнча жаңы каттам ачылды. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ААКсы кабарлайт. 

Бул каттам Кыргызстандын тарыхындагы маанилүү окуя болуп саналат, анткени Нячанг (Вьетнам) өлкө борборунан биринчи түз эл аралык багыт болуп калды.

Каттам "Компас" туроператору менен өнөктөштүктө ишке ашырылып, кыргызстандыктарга Вьетнамдын алдыңкы курорттук борборлорунун бирине түз учууга мүмкүнчүлүгүн берет. Бишкек – Нячанг каттамынын ачылышы эл аралык байланыштарды бекемдөөгө, туристтик жана ишкердик сапарлар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө, ошондой эле Кыргызстан менен Вьетнамдын ортосундагы туристтик агымды жана экономикалык кызматташууну өнүктүрүүгө чоң салым кошот.

"Аэро Номад Эйрлайнс" Кыргызстандын жарандары үчүн жеткиликтүү, коопсуз жана ыңгайлуу авиакаттамдарды камсыздоо иштерин улантууда. Жаңы каттам – бул авиакомпаниянын эл аралык каттамдарын кеңейтүү гана эмес, өлкөнүн авиация инфраструктурасын өнүктүрүүгө кошкон маанилүү салымы да болуп саналат.

Белгилей кетчү нерсе, "Компас" туроператору менен кызматташкан "Аэро Номад Эйрлайнс" буга чейин Кыргызстан үчүн Бишкек – Пхукет" (Таиланд) жана "Бишкек – Фукуок" (Вьетнам) багыты боюнча авиакаттамдарды ачкан – бул эл аралык авиакаттамдарын кеңейтүүдөгү маанилүү кадам болгон.

2025-жылы компания Кыргызстандан дагы 3-5 жаңы туруктуу эл аралык каттамдарды ачууну максат кылууда.

Бишкек – Нячанг каттамы чартердик форматта ишке ашырылат. Турлар жана билеттер тууралуу толук маалыматты "Компас" туроператорунан алууга болот.

"Кыргызстан аэропорттору" ААК авиакаттамдардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн тынымсыз жакшыртып, ишенимдүүлүктү, коопсуздукту жана улуттук авиация инфраструктурасынын өнүгүшүн камсыз кылууну улантууда.