Ош шаарында Казакстандын Башкы консулдугу ачылды
Ош шаарында Казакстандын Башкы консулдугунун расмий ачылыш аземи болуп өттү.
Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, иш-чара Казакстандын Конституция күнүнө карата уюштурулду.
Ачылышка Ош облусунун башчысы Элчибек Жантаев, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев, Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары Ермухамед Конуспаев жана шаардагы башка консулдук өкүлдөрү катышты.
Жаңы ачылган консулдук Казакстан менен экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну өнүктүрүү, ошондой эле Кыргызстандагы казак жарандарына ар тараптуу жардам көрсөтүү максатында иш алып барат.
Башкы консулдук Ош шаарынын Резиденция кичи районунда, 6-көчө, 18-үйдө жайгашкан.
