Чолпон-Атада курулушту сыноо лабораториясы ачылды
28 июль

Чолпон-Атада курулушту сыноо лабораториясы ачылды

Чолпон-Ата шаарында Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун сыноо лабораториясы ачылды.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, өлкө аймагындагы курулуштардын көлөмү жылдан-жылга көбөйүп жаткандыгына байланыштуу курулуш объектилеринин сапаты биринчи орунда болушу шарт.

Мындан улам Курулуш министрлиги курулуш иштеринин маселесин жеринен ыкчам чечүү, текшерүү, көзөмөлдөө максатында бул ирет Чолпон-Ата шаарына сыноо лабораториясын ачып, пайдаланууга берди.

Жаңы ачылган лабораторияда тиешелүү жабдуулар, адистер үчүн бардык шарттар жана көчмө курулуш лаборатория машинасы каралган.

Мындан ары Ысык-Көл облусу боюнча курулуш иштеринин сапатын текшерүүдө оперативдүү сыноо иштери жүргүзүлөт.