Жогорку Кеңеш бир катар эл аралык макулдашууларды колдоп берди
Бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек араны кайтаруу жана мамлекеттик күзөт чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, кабыл алынды.
Жыйында баяндама жасаган Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары – Башкы штабдын башчысы Мирзамир Сыдыков мыйзам долбоору мамлекеттик чек араны кайтаруу системасын жана мамлекеттик күзөт органынын ишин өркүндөтүүгө багытталгандыгын билдирди.
Андан тышкары жыйында «2026-жылдын 3-майында Самарканд шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы 2026–2027-жылдарга каржылоо планы жөнүндө алкактык макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.
Алсак, аталган мыйзам долбоору Алкактык макулдашуу экономиканын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүүгө жана 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасынын алкагында өлкөнүн социалдык-экономикалык өсүшү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган. Тагыраагы, анын жалпы суммасы 500 млн АКШ долларын түзөт.
Талкуу маалында депутат Махабат Мавлянова макулдашуунун алкагында алынып жаткан каражаттын ичинен 63 млн доллары айыл чарба багытына жумшаларын тактап, алардын үстөк пайызына кызыкты.
Өз кезегинде Министрлер кабинетинин өкүлү ишкерлерге 6%дан берилерин маалымдады.
Ал эми Төраганын орун басары Медербек Алиев жаңыдан ишкерликти баштаган жарандарга тажрыйбада насыя алуу өтө оор экенин белгилеп, тиешелүү министрликтерди аталган маселеге көңүл бурууга чакырды.
Жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.
