Салык кызматындагы кыскартуулар. Депутат пенсияга чыгаарына аз калган кызматкерлер иштен бошотулганын айтты
17 июнь

Салык кызматындагы кыскартуулар. Депутат пенсияга чыгаарына аз калган кызматкерлер иштен бошотулганын айтты

Депутат Улукбек Карыбек уулу Жогорку Кеңештин жыйынында Мамлекеттик салык кызматы миңге жакын кызматкерин кыскартууга кетирип жатканын билдирди. 

“Санариптештирүү, оптималдаштыруунун негизинде миңге жакын салык кызматкерлери кыскартууга учуроодо. Алар борбордо эмес, аймактарда жана чакан шаарларда. Бизге келген кайрылууларга караганда, толук бир бөлүмдү жоюп салган учурлар бар. Салык кызматы – мамлекеттин түркүгү. Санариптештирүү аймактарда канчалык деңгээлде ишке кирди жана улуу муундагылар аны кантип колдоно алат? Кыскартууга учураган салык кызматкерлеринин айрымдары пенсияга чыгаарына аз эле убакыт калган экен. Алардын ушунча кылган эмгегин эске албай, жумуштан алып салуу туура эмес”, – деди депутат. 

Ал кыскартууга учураган кызматкерлер аткарчу жумуш башка кызматкерлерге жүктөлүп, алардын түйшүгү оордошуп кетиши мүмкүндүгүн кошумчалады.  

Спикер Марлен Маматалиев эртең, 18-июнда парламенттин жыйынында Салык кызматынын мыйзам долбоору каралаарын эске салып, ошол убакта депутат көтөргөн маселени да кароону сунуштады.