Америкада кыргызстандык үй-бүлө өлтүрүлдү. Маалыматты ТИМ тастыктады
АКШнын Иллинойс штатында Кыргызстандын жараны жана алардын жашы жете элек баласынын өлүмү тууралуу ЖМКда жарыяланган маалыматка байланыштуу КР ТИМ төмөндөгүлөрдү билдирет.
Бардык жагдайларды тактоо үчүн Кыргызстандын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугу АКШнын укук коргоо органдарына ыкчам түрдө кайрылды. АКШнын укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандары: 1980-жылы туулган М.А., анын 1977-жылы туулган жубайы А.Б. жана алардын 2019-жылы туулган уулу М.А.нын сөөгү табылган.
Учурда тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат жана тергөөнүн купуялуулук принциби үчүн окуянын чоо-жайы айтыла элек.
Кыргыз Республикасынын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугу маалымат түшкөн учурдан тартып укук коргоо органдары жана каза болгондордун туугандары менен туруктуу байланышта. Ошол эле учурда сөөктөрдү мекенине жеткирүүгө байланыштуу бардык маселелер иштелип чыгууда.
Бул иш Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугунун өзгөчө көзөмөлүндө.
