Суу ресурстары кызматына жаңы атайын техника тапшырылды
Бүгүн, 20-августта Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматына ирригациялык каналдарды тейлөө үчүн заманбап атайын техника тапшырылды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.
Техниканы берүү иш-чарасы Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) тарабынан каржыланган «Ирригациялык каналдарды тейлөө үчүн техникалык камсыздоону жакшыртуу» аттуу гранттык долбоорунун алкагында өткөрүлдү.
Тапшыруу аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев, Япониянын Кыргыз Республикасындагы Өзгөчө жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Года Хидэки, Жогорку Кеңештин депутаты Талайбек Масабиров, Кыргыз Республикасындагы Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) туруктуу өкүлү Нишигата Котаро жана Суу ресурстары кызматынын тийиштүү түзүмдөрүнүн жетекчилери.
Долбоор Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) 1 087 000 000 япон йени, башкача айтканда 643 млн 302 миң 758 сом өлчөмүндөгү гранттык каражаттарынын эсебинен каржыланат.
Анын максаты — Суу ресурстары кызматынын балансындагы сугат жана дренаж каналдарын техникалык тейлөөгө арналган эски техниканы алмаштыруу жана жетишпеген техникаларды толуктоо.
Долбоордун алкагында JICA жалпы 34 даана атайын техника өткөрүп берет. Алардын ичинен бүгүн 17 даанасы тапшырылып, калган бөлүгү 2025-жылдын аягына чейин келет.
Бардык техника облустук жана райондук суу чарба башкармалыктарына бөлүштүрүлүп, ирригациялык инфраструктураны өз убагында жана натыйжалуу тейлөөгө шарт түзөт.
