Спикер Сот департаментинин директорунун орун басарынын аты-жөнү орусчалашып кеткенине нааразы болду
3 апрель

Спикер Сот департаментинин директорунун орун басарынын аты-жөнү орусчалашып кеткенине нааразы болду

Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Тургунбек уулу пленардык жыйында Сот департаментинин директорунун орун басарынын аты-жөнү туура эмес жазылганына нааразы болду. 

«Рыскулова Джылдыз Джакшылыковна же Жылдыз Жакшылыковна?.. Ушуну өзүңүз эле жакшынакай кылып кыргызчалатып албайсызбы? Уят го... Өзүңүз килейген департаментинин жетекчисинин орун басары болсоңуз. Ата-энеңиз Жылдыз деп, Жакшылык деп эң сонун ысымдар менен атаган экен», – деди Тургунбек уулу. 

Белгилей кетсек, спикердин кыргыз тилине басым жасай турганы белгилүү. Мисалы, буга чейинки жыйындарда Бишкек шаарындагы айрым көчөлөрдү орусчалаштырбай, кыргызча атоого чакырган. Андан тышкары, аты-жөндү кыргызчалатууну демилгелеп, өзүнүн Шакиев деген фамилиясын Тургунбек уулуна которгон.