Президент: Максим менен Жаныш Бакиевдер келсе түз эле түрмөгө түшүшөт
Интернет булактарында мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев Бишкекке жеке учак менен келип кеткени тууралуу такталбаган маалымат тарап, талкуу жаратууда. Бул боюнча президент Садыр Жапаров "Кабар" мамлекеттик агенттигине кыскача маек куруп, пикирин билдирген.
"Максим менен Жаныш Бакиевдер өмүр бою соттолгон. Келсе түз эле түрмөгө түшүшөт. Соттун күчүнө кирген өкүмү турат. Ал өкүмдү эч ким өзгөртө албайт. Өзгөртүлбөйт дагы. Ошондуктан аларды берүүдөн таптакыр баш тартышты. Себеби биз ал экөөнү камабай коё албайбыз да.
Ал эми Курманбек Бакиев боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. «Эгер камабасаңар өткөрүп берели» деп жатышат. Сапар Исаков боюнча дагы ушундай эле маселе. «Камабасаңар бүгүн өткөрүп берүүгө даярбыз» дешти. Биз ойлонуп жатабыз. Бир чети макул деп алып келип ТЭЦ боюнча, музей боюнча сурабайлыбы? Кимдер канча акча алганын айтып берсе болду. Акчаларды бюджетке кайтарып алыш күч органдарынын иши. Уурдалган миллиарддаган акчаларды ушундай жолдор менен эле кайтардык го.
Ал эми Курманбек Бакиев боюнча деле ушундай маселе. Ячейкаларда канча акча болгон. Максимдин офисинен уурдалып кеткен алтын концентраты жөнүндө сөз болуп жатат. Канча тонна болгон.
Апрель, июнь окуялары жана башка иштер боюнча ал кишиден да экинчи тарап катары угуп, иштерди жыйынтыктап койбойлубу. «Кантип эле ушул турган Москва менен Минсктен алып келе албай жатасыңар» деп 15 жылдан бери жалпы эл талап кылып келе жатпайбы.
Жалган маалымат тараткандар ушул сүйлөшүүлөрдүн чет-бучкагын укса керек.
Ошол үчүн Максим Бакиев деп болжолдоп урдуруп жатышса керек.
Кана эми Максим Бакиев келип калган болсо. Камап коюп миллиарддаган акчаларды бюджетке кайтарат элек".
