Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды
12 январь

Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды

Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды, деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

КР Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 12-январда саат 11:52де катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.

Жердин силкинүүсү Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кара-Жыгач айылында 3 баллга, Өзгөн районунун Ийрек, Курбу-Таш, Туз-Бел айылдарында 2,5 баллга (Кара-Жыгач айылынан 3 чакырым түштүк чыгышта, Ийрек айылынан 7 чакырым түндүк батышта, Курбу-Таш, Туз-Булак айылдарынан 10 чакырым түштүк батышка) чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.