Ысык-Көл: Жоголгон бала милициянын жардамы менен ата-энесине кайтарылды
27-июлда, Ысык-Көл облусунун «Алтын-Кум» эс алуу жайында эс алып жүргөн Жалал-Абад облусунун тургундары үч жашар баласын жоготуп алышкан. Ата-энеси өз алдынча издеп көрүшкөндөн кийин, ошол аймакта кызмат өтөп жаткан туристтик милицияга кайрылышкан.
Туристтик милициянын кызматкерлери окуяны дароо көзөмөлгө алып, пляж жана жакынкы аймактарды издөөгө киришишкен. Эки саатка созулган ыкчам иш-аракеттердин жыйынтыгында, милиция кызматкерлери жоголгон бөбөктү аман-эсен таап, ата-энесине өткөрүп беришти.
Балакайдын атасы, Жалал-Абад облусунун тургуну, туристтик милицияга ыраазычылык билдирип, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Улан Ниязбековго терең ыраазылыгын айтты.
«Биз абдан коркуп калдык, бирок туристтик милиция дароо жардамга келип, профессионалдуулук менен балабызды таап беришти. Мындай кызматтын бар экени кубандырат», – деди баланын атасы.
Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милиция кызматы туристтердин коопсуздугун камсыз кылуу жана мындай кырдаалдарга ыкчам жооп кайтаруу максатында жайкы сезондо күнү-түнү иш алып барып жатканын эскертет.
