Өзбекстанда 2026-жылдагы эл каттоонун мөөнөтү белгилүү болду
Өзбекстанда 2026-жылдагы эл каттоонун датасы жарыяланды.
Өзбекстанда 2026-жылдын 15-январынан 28-февралына чейин жалпы калкты каттоо өткөрүлөт.
17 күнгө созула турган биринчи этапта жарандар анкеталарды онлайн түрдө толтура алышат. Андан соң бир ай бою “махалла жетиликтин” өкүлдөрү үйлөрдү, батирлерди кыдырып маалымат чогултууну улантат.
Мыйзамга ылайык, калкты каттоо 10 жылда бир жолудан кем эмес, айыл чарба каттоосу 5 жылда бир жолу өткөрүлөт. Өлкөдө акыркы масштабдуу эл каттоо 1989-жылы болгон.
